КВАДРАТТЫК БАРАБАРСЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРАТТЫК БАРАБАРСЫЗДЫКax2+bx+c>0, ax2+bx+c<0 (а>0) түрүндөгү барабарсыз­дык. Белгисизине карата эки жагы тең көп мүчө болуп, жок дегенде анын бир жагы экинчи да­ражадагы белгисизди камтыса, анда ал бир бел­гисиздүү квадраттык барабарсыздык деп аталат. Андай барабарсыз­дыктарды каалаган учурда анын: ax2+ bx+c>0,ax2+bx+c<0, ax2+bx+c–0, ax2+bx+c::0 болгон канондук түрүнүн бирине келтирип алууга бо­лот, мында а:;0. Чыгарууга ыңгайлуу болуш үчүн аларды дагы: х2+рх+q>0, х2+рх+q<0, х2+рх+q–0, х2+рх+q::0, түрүндө жазат, мында p=b/a ж-а q=c/a. х2+рх+q>0 же х2+рх+q<0. Квадраттык барабарсыздыкты чыгаруу үчүн х2+рх+q үч мүчөсүн чыны­гы коэффициентүү көп мүчөгө, башкача айтканда, анын тамырла­рын (х , х ) таап, х2+рх+q=(x–x ) (x–x ) деп ажыратып алып, интервалдар методу м-н чы­гарылат.