КВАДРАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРА́НТ (лат. quadrans – төртүнчү бөлүк) – 1) тегиздикте өз ара перпендикуляр эки коорди­ната огу түзгөн төрт тик бурчтуктун бири. К.


саат жебесинин кыймылына каршы багытта номурланат. Координата окторунун оң багыт­тары м-н чектелген тик бурчтук – биринчи К. деп эсептелет. Айрым учурда биринчи, экин­чи, үчүнчү, төртүнчү К. ж-а координаталык бурч же чейрек деп да айтылат; 2) тегеректин К-ы – 90°тук бурчту түзгөн радиустар бөлүп турган же борб. бурчу 90° болгон сектор, б. а. тегеректин 1 бөлүгү.