КАШТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШТА́Н (Castanea) – өсүмдүктөрдүн кара ка­йыңдар тукумундагы дарак уруусу. К-дын 14 түрү Түн. Америка, Япония, Кытай, Жер Ортолук дениз жээктеринде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 1 гана түрү – эгилме же кадимки К. Кавказдын Кара деңиз жээги, Закавказье ж. б. жерлерде өстүрүлөт. Бийикт. 35 м, диаметри 2 мдей. Көп жыл (500 жылдан ашык) өсөт. Тамыры жерге терең кирет. Гүлү майда, сөйкөчөдөй, ак, жал­кы же кош жыныстуу; кайчылаш чаңдашат.
Мөмөсү – жаңгакча, күрөң кабыгы жука, ар чанакта үчтөн мөмө болот. Кычкыл боз топурак­туу, жылуу, жарык ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. К. 5–10 жылда мөмөлөйт. Мөмөсү конди­тер ө. ж-нда пайдаланылат. Данында 60% крах­мал, 17% кант, 8–11% азоттуу зат, 2% май болот. Жыгачы суу астындагы курулмаларда, курулушта, кабыгы кездеме боёодо пайдаланы­лат. Кырг-нда парк, көчөлөрдө кооздук үчүн өстүрүлөт.