КАШТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШТА́Н (Castanea) – өсүмдүктөрдүн кара ка­йыңдар тукумундагы дарак уруусу. Каштандын 14 түрү Түндүк Америка, Япония, Кытай, Жер Ортолук деңиз жээктеринде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 1 гана түрү – эгилме же кадимки каштан Кавказдын Кара деңиз жээги, Закавказье ж. б. жерлерде өстүрүлөт. Бийиктиги 35 м, диаметри 2 мдей. Көп жыл (500 жылдан ашык) өсөт. Тамыры жерге терең кирет. Гүлү майда, сөйкөчөдөй топ гулго чогулган ак, жал­кы же кош жыныстуу; кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү – жаңгакча, күрөң кабыгы жука, ар чанакта үчтөн мөмө болот. Кычкыл боз топурак­туу, жылуу, жарык ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Каштан 5–10 жылда мөмөлөйт. Мөмөсү конди­тер өнөр жайында пайдаланылат. Данында 60% крах­мал, 17% кант, 8–11% азоттуу зат, 2% май болот. Жыгачы суу астындагы курулмаларда, курулушта, кабыгы кездеме боёодо пайдаланы­лат. Кыргызстанда парк, көчөлөрдө кооздук үчүн өстүрүлөт.