КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ Иле Ала-Тоосунда, Каш­келең суусунун алабында жайгашкан. Алматы обл-н Чоң Кемин өрөөнү м-н байланыштырат. Бийикт. 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырла­рынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400– 500 м. Негизинен протерозой ж-а палеозойдун гранит, сиенит тектеринен турат. Ашуу аркы­луу 1856-ж. орус саякатчысы ж-а географы П. П. Семёнов-Тяньшанский өткөн. Июнь–сен­тябрь айларында жол ачылат.