КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ Иле Ала-Тоосунда, Каш­келең суусунун алабында жайгашкан. Алматы облусун Чоң Кемин өрөөнү м-н байланыштырат. Бийиктиги 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырла­рынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 400–500 м. Негизинен протерозой ж-а палеозойдун гранит, сиенит тектеринен турат. Ашуу аркы­луу 1856-жылы орус саякатчысы ж-а географы П. П. Семёнов-Тяньшанский өткөн. Июнь–сен­тябрь айларында жол ачылат.