КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ
КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ Иле Ала-Тоосунда, Кашкелең суусунун алабында жайгашкан. Алматы обл-н Чоң Кемин өрөөнү м-н байланыштырат. Бийикт. 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400– 500 м. Негизинен протерозой ж-а палеозойдун гранит, сиенит тектеринен турат. Ашуу аркылуу 1856-ж. орус саякатчысы ж-а географы П. П. Семёнов-Тяньшанский өткөн. Июнь–сентябрь айларында жол ачылат.