КАШКА ЧЫМЧЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА ЧЫМЧЫКТАР (Paridae) – сайрагыч та­ранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жу­муру, уз. 7,6–20 смге чейин жетет. Жүнү жум­шак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 туку­му – К. ч. (3 уруу, 48 түрү) ж-а куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. Түш. Америка, Мадагаскар ж-а Австралиядан башка жерлерде кеңири та-


Кашка чымчыктар: 1 – московка; 2 – ла­зоревка; 3 – үрпөк кашка чымчык; 4 – узун куйрук кашка чымчык; 5 – чоң каш­ка чымчык.

ралган. Көбүнчө токойдо жашайт. Канаты тегерек бол гон ду к т ан, ал ыс к а у ча ал - байт. Буту кыска, тырмагы жакшы өөрчүгөндүктөн, бак-даракта шамдагай жөргөлөп, секирип жүрөт. Көпчүлүгү­нүн төбөсү, алкымы кара же күрөң, башынын эки жагы ак. Дарак коңулдарына уялайт, кы­зыл тактуу 4–14 жумуртка тууйт. 14–17 күндө балапанын басып чыгарат. Курт-кумурска (зыян­кечтер) ж-а уруктар м-н азыктанат.