КАШКА ЧЫМЧЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШКА ЧЫМЧЫКТАР (Paridae) – куштардын сайрагыч таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жумуру, узундугу 7,6–20 смге чейин жетет. Жүнү жумшак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 тукуму – кашка чымчыктар (3 уруу, 48 түрү) ж-а куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. Түштук Америка, Мадагаскар ж-а Австралиядан башка жерлерде кеңири та-

ралган. Көбүнчө токойдо жашайт. Канаты тегерек болгондуктан, алыска уча албайт. Буту кыска, тырмагы жакшы өөрчүгөндүктөн, бак-даракта шамдагай жөргөлөп, секирип жүрөт. Көпчүлүгүнүн төбөсү, алкымы кара же күрөң, башынын эки жагы ак. Дарак коңулдарына уялайт, кызыл тактуу 4–14 жумуртка тууйт. 14–17 күндө балапанын басып чыгарат. Зыянкеч курт-кумурскалар ж-а уруктар м-н азыктанат.