КАШКА-СУУ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ ЧОКУСУ – Арпанын Ала-Тоосу­нун эң бийик жери. Тоонун ортоңку бөлүгүндөгү түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийикт. 4678 м. Батыш капталы тик, аскалуу, жылаңач, калганы мөңгүлүү. Негизинен карбон­дун акиташ теги, доломит, катмарлуу кремний, сланец, кумдук, бир аз гипстен турат. Ашууга жакын Жаман-Даван суусу башталат.