КАШКА-СУУ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ ЧОКУСУ – Арпанын Ала-Тоосу­нун эң бийик жери. Тоонун ортоңку бөлүгүндөгү түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийиктиги 4678 м. Батыш капталы тик, аскалуу, жылаңач, калганы мөңгүлүү. Негизинен карбон­дун акиташ теги, доломит, катмарлуу кремний, сланец, кумдук, бир аз гипстен турат. Ашууга жакын Жаман-Даван суусу башталат.