КАШКА-СУУ (КАРАКОЛ) КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ (КАРАКОЛ) КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Кашка-Суу ж-а Каракол сууларынын башатында, Сары-Таш кыш-нан 30 км түндүктө, Гүлчө кыш-нан 40 км түш.-ба­тышта. Кен ж-дө 1943-ж. ж-а 1966-ж. 1:100 000 ж-а 1:200 000 масштабдагы геол. карта түзүлүп, кыскача маалымат берилген. Д. П. Резвойдун маалыматы б-ча калыңдыгы 1,0 м болгон көмүр кабат ы тө мөнкү юра кат мар ы м-н байл а­нышкан. Башка маалыматта (Григорьев А. В., 1966) көмүр кабатынын калыңдыгы 3–4 м. Кен изилденген эмес, көмүрдүн сапаты белгисиз. Бол­жолдуу ресурсу 45 млн т.к е н и Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Миң- Куш шаарчасынан 11 км түн.-батыш тарапта, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түн. капталында, Каш­ка-Суу ж-а Кара-Күнгөй сууларынын аралыгын­да. 1952-ж. Уран кенин издөө убагында көмүр кабаттары да изилденген ж-а көмүрдүн запасы 1952-ж. эсептелген. Көмүр төмөнкү юранын туу­ра кабак свитасы м-н байланышкан. Бардыгы 8 кабатка бөлүнүп, негизинен 3 кабат (5, 6, 7) жакшыраак изилденген. Кабаттардын калың­дыгы 0,17 мден 17,50 мге чейин өзгөрөт. Көмүр­дүн сапаты болжол м-н үчүнчү күрөң көмүр (3Б) маркасына кирет. Орт. күлдүүлүгү 5,38%тен 11,99%ке чейин өзгөрөт. Күйүү жылуулугу аныкталган эмес. Кайра бааланган (1992) запа­сы С12 категориясы б-ча 4955 миң т, болжол­дуу ресурсу 8252 миң т.