КАШКА-СУУ (КАРАКОЛ) КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ (КАРАКОЛ) КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Алай районунда, Кашка-Суу ж-а Каракол сууларынын башатында, Сары-Таш кыштагынан 30 км түндүктө, Гүлчө кыштагынан 40 км түштүк-ба­тышта. Кен жөнүндө 1943-жылы ж-а 1966-жылы 1:100 000 ж-а 1:200 000 масштабдагы геологиялык карта түзүлүп, кыскача маалымат берилген. Д. П. Резвойдун маалыматы боюнча калыңдыгы 1,0 м болгон көмүр кабаты төмөнкү юра катмары м-н байла­нышкан. Башка маалыматта (Григорьев А. В., 1966) көмүр кабатынын калыңдыгы 3–4 м. Кен изилденген эмес, көмүрдүн сапаты белгисиз. Бол­жолдуу ресурсу 45 млн т. к е н и Нарын облусунун Жумгал районунда, Миң- Куш шаарчасынан 11 км түндүк-батыш тарапта, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түндүк капталында, Каш­ка-Суу ж-а Кара-Күнгөй сууларынын аралыгын­да. 1952-жылы Уран кенин издөө убагында көмүр кабаттары да изилденген ж-а көмүрдүн запасы 1952-жылы эсептелген. Көмүр төмөнкү юранын туу­ра кабак свитасы м-н байланышкан. Бардыгы 8 кабатка бөлүнүп, негизинен 3 кабат (5, 6, 7) жакшыраак изилденген. Кабаттардын калың­дыгы 0,17 мден 17,50 мге чейин өзгөрөт. Көмүр­дүн сапаты болжол м-н үчүнчү күрөң көмүр (3Б) маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 5,38%тен 11,99%ке чейин өзгөрөт. Күйүү жылуулугу аныкталган эмес. Кайра бааланган (1992) запа­сы С12 категориясы боюнча 4955 миң т, болжол­дуу ресурсу 8252 миң т.