КАШКА-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ
КАШКА-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Нарын р-нунда, Нура тоосунун түн. капталында, Оттук кыш-нан 58 км чыгышта, деңиз деңг. 3250– 3650 м бийикте. 1943–45-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы карбон мезгилиндеги турне ярусунун акиташ катмарынан ж-а аны жиреп чыккан гранит, гранодиорит интрузиясынан турат. Кен интрузия м-н акиташ катмарынын түн. чегиндеги скарн тулкусу м-н байланышкан. Башкы скарн тулкусу Кашка-Суунун сол жээги б-ча 840 мге чейин созулат. Негизги минералдары: шеелит, молибденит, антимонит, арсенопирит, пирит, халькопирит. Вольфрам үч оксидинин орт. өлчөмү 0,3–0,37%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 218,3 миң т. Болжолдуу ресурсу 3410,2 миң т. Вольфрам үч оксидинин С2 категориясы б-ча запасы 814 т, болжолдуу ресурсу 10201 т.