КАШКА-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Нарын районун­да, Нура тоосунун түндүк капталында, Оттук кыштагынан 58 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 3250– 3650 м бийикте. 1943–45-жылдарда чалгындалып, за­пасы эсептелген. Кен аймагы карбон мезгилин­деги турне ярусунун акиташ катмарынан ж-а аны жиреп чыккан гранит, гранодиорит интру­зиясынан турат. Кен интрузия м-н акиташ кат­марынын түндүк чегиндеги скарн тулкусу м-н бай­ланышкан. Башкы скарн тулкусу Кашка-Суу­нун сол жээги боюнча 840 мге чейин созулат. Негиз­ги минералдары: шеелит, молибденит, антимо­нит, арсенопирит, пирит, халькопирит. Воль­фрам үч оксидинин орточо өлчөмү 0,3–0,37%. Кен­таштын С2 категориясы боюнча запасы 218,3 миң т. Болжолдуу ресурсу 3410,2 миң т. Вольфрам үч оксидинин С2 категориясы боюнча запасы 814 т, бол­жолдуу ресурсу 10201 т.