КАШКАР
КАШКАР , К а ш и – Кытайдагы шаар. Синьцзян-Уйгур автономия р-нун аймагында жайгашкан. Калкы 570,0 миң (2003). Полиметалл кендери казып алынуучу аймактын борбору. Ид Ках мечити (8-к., аянты б-ча Кытайдагы эң ири), Абахо кожонун ж-а анын небереси Ипархандын мавзолейи (17-к.), Мао Цзедундун зор статуясы бар. Шаарга 1273-ж. Марко Поло токтоп өтүп, несториан чиркөөлөрү бар экенин белгилеген. К-да 1918-ж. чейин Россия империясынын почта бөлүмү болгон. Кырг-н м-н Торугарт ж-а Эркеч-Там ашуулары аркылуу байланышат. 2007-жылдан Бишкектеги батыш автобус терминалы м-н катташат. Цемент, хим., машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын ярмаркалары өткөрүлөт (Кырг-н да катышат).