КАШКАР
КАШКАР , К а ш и – Кытайдагы шаар. Синьцзян-Уйгур автономия районунун аймагында жайгашкан. Калкы 782,6 миң (2020). Полиметалл кендери казып алынуучу аймактын борбору. Ид Ках мечити (8-кылым, аянты боюнча Кытайдагы эң ири), Абахо кожонун ж-а анын небереси Ипархандын мавзолейи (17-кылым), Мао Цзедундун зор статуясы бар. Шаарга 1273-жылы Марко Поло токтоп өтүп, несториан чиркөөлөрү бар экенин белгилеген. Кашкарда 1918-жылга чейин Россия империясынын почта бөлүмү болгон. Кыргызстан м-н Торугарт ж-а Эркеч-Там ашуулары аркылуу байланышат. 2007-жылдан Бишкектеги батыш автобус терминалы м-н катташат. Цемент, химия, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын ярмаркалары өткөрүлөт (Кыргызстан да катышат).