КАПКА (кууш өткөөл)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАПКА 1 to КАПКА (кууш өткөөл)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКА – капчыгайдын оозу; эки тоонун орто­сундагы узатасынан созулган кууш өткөөл. Тер­минге байланыштуу пайда болгон топонимдер: Эчкили-Тоодогу Капка капчыгайы, Фергана тоо тизмегиндеги Капка-Таш көлү, Ички Теңир-Тоо­догу Капка-Таш капчыгайы, Алайкуудагы Кап­ка-Таш суусу, Кочкордогу Капка-Таш деген жер ж. б.