КАПКА (кууш өткөөл)
(КАПКА 1 барагынан багытталды)
КАПКА – капчыгайдын оозу; эки тоонун ортосундагы узатасынан созулган кууш өткөөл. Терминге байланыштуу пайда болгон топонимдер: Эчкили-Тоодогу Капка капчыгайы, Фергана тоо тизмегиндеги Капка-Таш көлү, Ички Теңир-Тоодогу Капка-Таш капчыгайы, Алайкуудагы Капка-Таш суусу, Кочкордогу Капка-Таш деген жер ж. б.