КАНЫККАН БУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫККАН БУУ – өзүнүн суюктугу м-н дина­микалык (кыймылы) тең салмактуулукта бол­гон буу. Бул учурда суюктук бетинен учуп чык­кан молекулалардын саны ошол эле убакытта суюктукка айланган буунун молекулаларынын санына барабар болот. Суюктуктун өзүнүн буу­су м-н тең салмактагы шартта көлөмгө көз ка­ранды болбогон р0 буу басымы каныккан буу басымы деп аталат. Каныккан буу кризистик температурадан Ткр тө­мөнкү температурада болушу мүмкүн. Каныккан бууда суу там­чылары болсо, ал нымдуу, болбосо, кургак бо­лот. Каныккан буунун температурасы төмөндөсө, суюктукка, ал эми жогоруласа, бууга айланат.