КАНЫККАН БУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНЫККАН БУУ – өзүнүн суюктугу м-н динамикалык (кыймылы) тең салмактуулукта болгон буу. Бул учурда суюктук бетинен учуп чыккан молекулалардын саны ошол эле убакытта суюктукка айланган буунун молекулаларынын санына барабар болот. Суюктуктун өзүнүн буусу м-н тең салмактагы шартта көлөмгө көз каранды болбогон р0 буу басымы каныккан буу басымы деп аталат. Каныккан буу кризистик температурадан Ткр төмөнкү температурада болушу мүмкүн. Каныккан бууда суу тамчылары болсо, ал нымдуу, болбосо, кургак болот. Каныккан буунун температурасы төмөндөсө, суюктукка, ал эми жогоруласа, бууга айланат.