ДАРДАНЕЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРДАНЕ́ЛЛ (түркчө Чанаккале-Богазы, ба­йыркы грекче Геллеспонт) – Түркиядагы кысык. Европа (Балкан жарым аралы) менен Азияны (Кичи Азия­ны) бөлүп, Мрамор деӊизин Эгей деӊизи менен ту­таштырат. Узундугу 120,5 км, туурасы 1,3–27 км, те­реӊдиги фарватерде 29–153 м. Европа жак жээ­гинде Гелиболу, Азия тарабында Чанаккале (Түркия) порттору жайгашкан.