ДАРДАНЕЛЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДАРДАНЕ́ЛЛ (түркчө Чанаккале-Богазы, байыркы грекче Геллеспонт) – Түркиядагы кысык. Европа (Балкан жарым аралы) менен Азияны (Кичи Азияны) бөлүп, Мрамор деӊизин Эгей деӊизи менен туташтырат. Узундугу 120,5 км, туурасы 1,3–27 км, тереӊдиги фарватерде 29–153 м. Европа жак жээгинде Гелиболу, Азия тарабында Чанаккале (Түркия) порттору жайгашкан.