КАНТАБРИЯ ТООЛОРУ
КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ Испаниянын түндүгүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булуңун жээктей 500 кмге созулат. Бийиктиги 2648 мге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыялардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түштүк капталы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү структурасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орточо бийиктиги 2000 м чамасында) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түндүк капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийиктен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар.