КАНТАБРИЯ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ Испаниянын түндү­гүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булу­ңун жээктей 500 кмге созулат. Бийиктиги 2648 мге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыя­лардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түштүк кап­талы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү струк­турасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орточо бийиктиги 2000 м чамасын­да) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түндүк капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийик­тен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар.