КАНДАВА
КАНДАВА – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Алтын-Булак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1360 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 24 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 16 км. Кыштак 1920-жылы негизделген. Калкы 995 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит, медресе бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү ж. б. иштейт.