КАНДАВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНДАВА – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Алтын-Булак айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 1360 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Өзгөн шаарынан 24 км түштүк-чыгыш та­рапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 16 км. Кыштак 1920-жылы негизделген. Калкы 995 (2022); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит, медресе бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү ж. б. иштейт.