ГУРОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУРО́Н – АКШ менен Канададагы көл. Чоӊдугу боюнча Улуу көлдөр системасында 2-орунда. Аянты 59,6 миӊ км2. Тереӊдиги 208 мге чейин. Дарыялар аркылуу Жогорку жана Эри көлдөрү, Макино кысыгы аркылуу Мичиган көлү менен туташат. Көлгө көптөгөн суулар куюп, андан Сент-Клэр дарыясы агып чыгат. Декабрдан апрелдин аягына чейин тоӊот. Балык (сиг, лещ, жаян) кармалат. Кеме жүрөт. Башкы порттору: Сарния, Мидленд (Канада), Алпина (АКШ).