ГУРОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГУРО́Н – АКШ менен Канададагы көл. Чоӊдугу боюнча Улуу көлдөр системасында 2-орунда. Аянты 59,6 миӊ км2. Тереӊдиги 208 мге чейин. Дарыялар аркылуу Жогорку жана Эри көлдөрү, Макино кысыгы аркылуу Мичиган көлү менен туташат. Көлгө көптөгөн суулар куюп, андан Сент-Клэр дарыясы агып чыгат. Декабрдан апрелдин аягына чейин тоӊот. Балык (сиг, лещ, жаян) кармалат. Кеме жүрөт. Башкы порттору: Сарния, Мидленд (Канада), Алпина (АКШ).