КАН АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН АКИТАШ КЕНИ Баткен облусунун Кадам­жай районунда, Катраң тоосунун түндүк этегинде. 1973–75-жылдарда чалгындалган. Кен аймагын мезо­зойдогу чөкмө тектер түзөт. Үлүлдүү акиташ бор мезгилинде пайда болуп, 2–3 кмге чейин ичке тилке түрүндө созулуп жатат. Калыңдыгы 10–20 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу жак­шы. Жылмалап сайкалданган бети кочкул сары түстө. Запасы 1 млн м3. Дубалды кооздоп кап­тоого пайдаланса болот.