КАН АКИТАШ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАН АКИТАШ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Катраң тоосунун түндүк этегинде. 1973–75-жылдарда чалгындалган. Кен аймагын мезозойдогу чөкмө тектер түзөт. Үлүлдүү акиташ бор мезгилинде пайда болуп, 2–3 кмге чейин ичке тилке түрүндө созулуп жатат. Калыңдыгы 10–20 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу жакшы. Жылмалап сайкалданган бети кочкул сары түстө. Запасы 1 млн м3. Дубалды кооздоп каптоого пайдаланса болот.