КАНААТ ШАА
КАНААТ ШАА (туулган жылы белгисиз – 1863, өлгөн жери белгисиз) – Кокон хандыгынын аскер башчысы, Түркстан шаарынын акими (1846–47). Кокон хандыгынын Ташкенттеги бийлигине моюн сунуудан баш тартып, Бухара хандыгына кетүүгө аргасыз болгон. 1850-жылдардын аягы – 60-жылдын башында Коконго кайтып келип, Ташкент шаарынын акими катары бул хандыктын саясий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген. 1860-жылы августта орус аскерине таянган чүйлүк кыргыздар Токмок ж-а Пишпек чебин Кокон хандыгынан бошотуп алганда, Канат Шаа аскерлери м-н Ташкенттен келип, бул чептерди кайрадан караткан. Канат Шаа Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматыдан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылашта (1860-жыл 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке чегинген. Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде Канат Шаанын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусулман жыл санагы (хижра) боюнча 1279-жылы (1862–63) Канат Шаа Кудаяр хандын тапшырмасы м-н Бухара хандыгына барып, ошол жерден өлтүрүлгөн.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.
Э. Турганбаев.