КАНААТ ШАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНААТ ШАА [айрым жазма маалыматтарда Канаат шах, Кал Каноат түрүндө кезигет (туулган жылы белгисиз – 1863, өлгөн жери белгисиз) – Кокон хандыгынын аскер башчы­ларынын бири. Жазма маалыматтарда улуту тажик, калча (галча) уругунан экени айтылат. Кудаяр хандын (1844–1858; 1862–1863; 1866–1875) тушунда Түркстан шаарынын акими (1846–1847) болуп, кийин Бухаранын эмири Насрулланын кол алдына барып, Нау чебинин башчылыгына дайындалган. Мала хан (1858–1862) тушунда Маргалаң, Ташкент, Түркстан шаарларында лашкар беги кызматтарын аткарган. 1860-жылы ав­густта орус аскерине таянган чүйлүк кыргыздар Токмок жана Пишпек чебин Кокон хандыгынан бошотуп алганда, Канат Шаа аскерлери менен Ташкент­тен келип, бул чептерди кайрадан караткан. Канат Шаа Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматы­дан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылаш­та (1860-жыл 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке че­гинген. Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хоканди­нин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде Канат Шаанын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусул­ман жыл санагы (хижра) боюнча 1279-жылы (1862–1863) Канат Шаа Кудаяр хандын тапшырмасы менен Бу­хара хандыгына барып, ошол жерден өлтү­рүлгөн.

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 2. Б., 2003.

Э. Турганбаев.