КАЛЫП (техникада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЛЫП техникада to КАЛЫП (техникада)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫП т е х н и к а д а – 1) куюлмаларды (металл, айнек, желим, бетон, кыш, таш жана башкалар) алууда колдонулуучу форма. Калыпка эритилген же атайын кошулмалардын негизинде даярдалган материал куюлат. Ысыкка чыдамдуу, бышык бекем материалдан даярдалат. Ар кандай түр­лөрү бар. Бетон жана темир-бетон конструкцияларды көтөрүүдө арматура жана бетон аралашмасы са­лынуучу форма. Калып жыгач, металл, темир-бе­тон, пластмасса, карапа жана башка материалдан даяр­далат. Ажыратып кайра коюлма, көлөмдүү ­блоктуу жана жылдырылма (кыймылдуу) калыптар кеңири тараган.