КАЛЫП (техникада)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛЫП т е х н и к а д а – 1) куюлмаларды (металл, айнек, желим, бетон, кыш, таш жана башкалар) алууда колдонулуучу форма. Калыпка эритилген же атайын кошулмалардын негизинде даярдалган материал куюлат. Ысыкка чыдамдуу, бышык бекем материалдан даярдалат. Ар кандай түрлөрү бар. Бетон жана темир-бетон конструкцияларды көтөрүүдө арматура жана бетон аралашмасы салынуучу форма. Калып жыгач, металл, темир-бетон, пластмасса, карапа жана башка материалдан даярдалат. Ажыратып кайра коюлма, көлөмдүү блоктуу жана жылдырылма (кыймылдуу) калыптар кеңири тараган.