КАЛТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛТАК – Баткен облусунун Кадамжай районунда­гы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караш­туу. Алай кырка тоосунун жакасындагы ойдуң­да, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Пүлгөн кыштагынан 75 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 3 км. Кал­кы 1596 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, медпункт бар. Соода түйүндөрү, турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү ж. б. иштейт.