КАЛТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛТАК – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караштуу. Алай кырка тоосунун жакасындагы ойдуңда, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 75 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 3 км. Калкы 1596 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, медпункт бар. Соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж. б. иштейт.