КАРАКОЛ КЕНЧИ Москва университетинин музейинде
КАРАКОЛ КЕНЧИ 1884-жылы Караколдон табылган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки жана көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жогорудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария менен Румыниянын чек арасында жайгашкан Гумельница энеолит маданиятынын буюмдарына жакын. Болжолу бул буюм Каракол кенчине соода байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. Каракол кенчи Москва университетинин антропология музейинде сакталууда.