КАРАКОЛ КЕНЧИ Москва университетинин музейинде

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАКОЛ КЕНЧИ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ КЕНЧИ 1884-жылы Караколдон табыл­ган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки жана көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жо­горудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария менен Румыниянын чек арасында жай­гашкан Гумельница энеолит маданиятынын буюм­дарына жакын. Болжолу бул буюм Каракол кенчине соо­да байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. Каракол кенчи Москва университетинин антропология му­зейинде сакталууда.