КАРА-КӨЛ КЕНЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ КЕНЧИ – XI кылымга таандык казына.
Колодон жасалган эки кесе, кумган жана эки тул­гадан турат. Токтогул районунун Кара-Көл шаарында­гы «Комсомол» көлүнүн ордун тегиздөө учурун­да байыркы шаардын урандыларынан табыл­ган. Кеселерге кооз оймо-чиймелер түшүрүлүп, кумганга араб тамгасы менен «Ахмад жасады» деп жазылган.