КАРА-КӨЛ КЕНЧИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-КӨЛ КЕНЧИ – XI кылымга таандык казына. Колодон жасалган эки кесе, кумган жана эки тулгадан турат. Токтогул районунун Кара-Көл шаарындагы «Комсомол» көлүнүн ордун тегиздөө учурунда байыркы шаардын урандыларынан табылган. Кеселерге кооз оймо-чиймелер түшүрүлүп, кумганга араб тамгасы менен «Ахмад жасады» деп жазылган.