КАРА-КУЖУР МАРМАР КЕНИ
КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 км чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973–1975-жылдары геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында протерозойдун ортосунда пайда болгон мармарлашкан жана доломиттешкен акиташ тегинин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– 3000 м. Мында кооз таш катары мармардын 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мармвр. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3; 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орточо бүртүкчөлүү мармар. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3; 3) ак мармар, арасында боз жана каралжын боз, жол-жол, ичке темгилдүү, майда жана орточо бүртүкчөлүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 м. Мармардын 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрүнөт. Кору 40 млн м3. Имараттардын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт.