КАРА-КУЖУР МАРМАР КЕНИ
КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 км чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973–1975-жылдары геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында протерозойдун ортосунда пайда болгон мармарлашкан жана доломиттешкен акиташ тегинин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400–3000 м. Мында кооз таш катары мармардын 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мармвр. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3; 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орточо бүртүкчөлүү мармар. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3; 3) ак мармар, арасында боз жана каралжын боз, жол-жол, ичке темгилдүү, майда жана орточо бүртүкчөлүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 м. Мармардын 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрүнөт. Кору 40 млн м3. Имараттардын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт.