КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ
КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Папан кыштагынан түштүк-чыгыш тарапта, Ак-Буура ж-а Гүлчө сууларынын аралыгында. 1966-жылы табылган. Кен аймагында лава тоо тектери тараган. Алардын арасында калыңдыгы 0,2–0,5 мге, чанда 3 мге, узундугу 5–300 мге жеткен сүттөй ак кварц тарамдары кезигет. Бул тарамдарда бийиктиги 2–3 см, эни 0,6–1 см тоо хрусталынын топтошкон кристаллдары учурайт. Кристаллдар тригон, призма түрүндө, төбөсү ромбоэдр. Тоо хрусталынан зергердик кооз буюмдарды жасоого болот.