КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Папан кыштагынан түштүк-чыгыш тарапта, Ак-Буура ж-а Гүлчө суулары­нын аралыгында. 1966-жылы табылган. Кен айма­гында лава тоо тектери тараган. Алардын ара­сында калыңдыгы 0,2–0,5 мге, чанда 3 мге, узундугу 5–300 мге жеткен сүттөй ак кварц тарамдары кезигет. Бул тарамдарда бийиктиги 2–3 см, эни 0,6–1 см тоо хрусталынын топтошкон кристалл­дары учурайт. Кристаллдар тригон, призма түрүндө, төбөсү ромбоэдр. Тоо хрусталынан зер­гердик кооз буюмдарды жасоого болот.