КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–IV кылымдарында­гы хунн дооруна таандык археологиялык эстелик. Ат-Башы суусунун оң жээгиндеги тектирчеде жайгашып, 200 дөбө-мүрзөдөн турат. Маркум­дардын сөөктөрү казанактуу жайга коюлган. Карапа идиштер, жыгач табактар, жаа (узундугу 130 см) жана анын темир жебелери, ошондой эле төрт бурчтуу, жапыз жыгач столдун үстүндөгү кой­дун жиликтери, бычак табылган. 1944-жылы архе­олог А. Н. Бернштам, 1955-жылы А. Кибиров изил­деген. Учурда көрүстөндөрдүн көбү курулуш иш­теринин натыйжасында бузулган.

К. Табалдиев.