КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–IV кылымдарындагы хунн дооруна таандык археологиялык эстелик. Ат-Башы суусунун оң жээгиндеги тектирчеде жайгашып, 200 дөбө-мүрзөдөн турат. Маркумдардын сөөктөрү казанактуу жайга коюлган. Карапа идиштер, жыгач табактар, жаа (узундугу 130 см) жана анын темир жебелери, ошондой эле төрт бурчтуу, жапыз жыгач столдун үстүндөгү койдун жиликтери, бычак табылган. 1944-жылы археолог А. Н. Бернштам, 1955-жылы А. Кибиров изилдеген. Учурда көрүстөндөрдүн көбү курулуш иштеринин натыйжасында бузулган.
К. Табалдиев.