КАЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛИ – Колумбиянын батышындагы шаар. Валье-дель-Каука департаментинин административдик борбо­ру. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1005 м бийик­те жайгашкан. Калкы 2,2 млн (2008; шаар ай­ланасы м-н); калкынын саны ж-а экономикалык маани­си боюнча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен ку­рулууда. 1536-жылы негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең 18-кылым) сакталган. Университеттер, олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (анын ичинде искусство, археологиялык, та­рых, заманбап искусство, алтын буюмдар коллек­циясы ж. б.), театрлар бар. Колумбиянын ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоо­парк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, ал­коголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), же­ңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, химия, машина куруу (анын ичинде электр-техника, электро­ника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Кали – айыл чарбалуу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, таме­ки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет ­жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.