КАЛИ
КА́ЛИ – Колумбиянын батышындагы шаар. Валье-дель-Каука департаментинин административдик борбору. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1005 м бийикте жайгашкан. Калкы 2,4 млн (2018; шаар айланасы м-н); калкынын саны ж-а экономикалык мааниси боюнча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. 1536-жылы негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең 18-кылым) сакталган. Университеттер, олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (анын ичинде искусство, археологиялык, тарых, заманбап искусство, алтын буюмдар коллекциясы ж. б.), театрлар бар. Колумбиянын ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоопарк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, алкоголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, химия, машина куруу (анын ичинде электр-техника, электроника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Кали – айыл чарбалуу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, тамеки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.