КАЛДЫК МҮЧӨ
КАЛДЫК МҮЧӨ – жакындатылган эсептөө формуласындагы туюнтманын так мааниси м-н жакындатылган маанисинин арасындагы айырма. Жакындаштырылган формуланын натыйжалуулугун билүү үчүн калдык мүчөнү чектөө керек.
Мисалы, 2 ≈ 1,41 жакындаштырылган формулага, төмөнкүдөй так формула 2 ≈ 1,41+R туура келет, мында R санын 1,41 санына жакындаштыруудагы калдык мүчө 0,004 < R < 0,005 экендиги белгилүү. Калдык мүчө дайым асимптоталык ажыратууда, интерполяция формуласында, Тейлор формуласында ж. б. кездешет.